«Кыргыз темир жолу» ишканасы ишкерге 2 млн 400 миң сом карызын төлөп берди

08.12.2021, 09:46 Акчабар
«Кыргыз темир жолу» ишканасы ишкерге 2 млн 400 миң сом карызын төлөп берди

Ишкер ушул жылдын февраль айында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен курулуш материалдарын жеткирүү боюнча келишим түзүп, апрель айында милдеттенменин бир бөлүгүн аткарып, материалдарды жеткирип берген.

Мамлекеттик ишкана келишимдин жалпы суммасынын бир бөлүгүн дароо төлөп берген, бирок калган бөлүгүн, тактап айтканда, каржылоонун жоктугунан кийинки төрт айда 2 миллион 417,3 миң сом төлөнбөй калган.

Август айында жеткирүүчү компаниянын жетекчиси бизнес-акыйкатчы институтуна арыз менен кайрылган. Институт иштин жагдайлары менен таанышкандан кийин, “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен арыздын предмети жана аны чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаган.

“Анын жыйынтыгында мамлекеттик ишкана 1 айдын ичинде калган карыздын бардык суммасын төлөп берүү милдетин алды. Мамлекеттик ишкананын жетекчилиги көрсөткөн кызматташуунун натыйжасында ноябрь айында ишкер толук төлөмүн алды”, - деп билдирди Бизнес-акыйкатчы институту.

Тэги: ГП Кыргыз Темир Жолу долг бизнес Бизнес-омбудсмен КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу