Кыргыз-венгер ишкерлеринин кеңеши өттү

14.02.2023, 10:36 Акчабар
Кыргыз-венгер ишкерлеринин кеңеши өттү

Венгриянын Соода-өнөр жай палатасында Кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин III отуруму өттү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, отурумга 40тан ашык кыргызстандык жана венгриялык компаниялар катышты. Алардын арасында фармацевтика, курулуш, текстиль өнөр жайы, айыл чарба, туризм тармактарынын өкүлдөрү бар. 

“Бизнес-кеңеште эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын президенттери Темир Сариев менен Ласло Парраг катышып, венгриялык тарап экономиканын түрдүү тармактарында, анын ичинде тоо-кен тармагындагы технология жаатында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта. 

Отурумда Кыргызстандык компаниялар айыл чарба техникаларын жана үрөндөрдү жеткирүү боюнча өнөктөштөрдү табууга кызыктар экенин билдирди. Венгриялык тарап Кыргызстанга технологияны өткөрүп берүүнү, айыл чарба жерлерин сугарууда колдонулуучу дрондорду түзүүнү сунуштады. 

Ошондой эле, Венгрия кибер коопсуздук, чек ара аймактарын коргоо үчүн жабдуулар жаатында кызматташууну сунуштады. Эки тарап айыл чарба тармагында кызматташууга, экологиялык жактан таза продукцияларды экспорттоого жана импорттоого кызыктар экенин билдирди.

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу