Бүгүн таңкы саат 06:22де Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү Ош облусунун Араван районунун Керкидан, Ноокат районун Найман айылдарында 3 балл болду.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.