«Кыргызалтын» менен «Аль Саех Групп» кызматташууну пландоодо

05.12.2022, 13:45 Акчабар
«Кыргызалтын» менен «Аль Саех Групп» кызматташууну пландоодо

“Кыргызалтын” ААКсынын төрагасы “Аль Саех Групп” аттуу ири корпорациянын жетекчиси Абдул-Жаббар аль Сайех баштаган араб инвесторлорунун делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК басма сөз кызматы билдирди.

“Аль Саех Групп” БАЭде жайгашкан электроника, энергетика, коомдук тамактануу, билим берүү, тил борборлору, ашкана чечимдери, жумушчуларды жалдоо кызматтары, автоинженердик жана алмашуу бюролору тармактарында конгломерат болуп саналат. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

“Араб делегациясынын мүчөлөрү инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк бар эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти”, - деп белгилейт “Кыргызалтын”. 

Эске салсак, кечээ, 4-декабрда “Аль Саех Групп” компаниясынын бизнес делегациясы Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров менен жолугушуп, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорго инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришкен.

 

Тэги: новости Кыргызстана Аль Саех Групп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу