«Кыргызалтын» мамлекетке дивиденд төлөгөн алдыңкы компания

18.04.2023, 09:52 Акчабар
«Кыргызалтын» мамлекетке дивиденд төлөгөн алдыңкы компания

Өткөн жылы Кыргызстанга акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер түрүндө 6 миллиард 158 миллион сом түшкөн. Мында 7,6 миллиард сомдук пландагыдан 19 процентке төмөн болуп чыкты. Бул тууралуу республиканын мамлекеттик бюджетинин өткөн жылдагы аткарылышы тууралуу отчетто айтылат.

Мында 2021-жылга салыштырмалуу мамлекетке дивиденддер 3,5 млрд сомго көп түшкөн, же 127,7%ды түздү.

Докладда ошондой эле акциялардын мамлекеттик пакетинен дивиденддик кирешенин эң олуттуу суммасын берген мамлекеттик компаниялар да өзгөчөлөнгөн.

Тизменин сап башында 2 миллиард 874,6 миллион сом менен “Кыргызалтын”, андан кийин “Манас” эл аралык аэропорту турат, ал бюджетке 1 миллиард 295,8 миллион сом дивиденд берген. Дивиденддердин кирешесине олуттуу салым кошкон башка компаниялар "Альфа-Телеком" (MEGA бренди), "Кыргызнефтегаз", "РСК Банк" жана "Айыл Банк" болду.

Тэги: новости Кыргызстана дивиденды Кыргызалтын деньги госкомпании бюджет Mega Кыргызнефтегаз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу