“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын курамында өзгөртүүлөр болду. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, директорлор кеңеши “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Турдукожоевди ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.
Мындай чечим 15-июнда анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу кабыл алынган.