«Кыргызалтын» алтын, күмүш сатуу менен алектенет

24.03.2023, 13:22 Акчабар
«Кыргызалтын» алтын, күмүш сатуу менен алектенет

“Кыргызалтын” ААК аффинаждык заводдо өндүрүлгөн алтын жана күмүш куймаларын сатууда. Бул тууралуу акционердик коомдун басма сөз кызматы билдирди.

“Кыргызалтын” ААКтын аффинаждык заводу Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясы (LBMA) тарабынан тастыкталган Good Delivery статусуна ээ алтын куймаларын чыгарат жана Кыргыз Республикасынын аффинаждык өнөр жайын дүйнөнүн эң мыкты аффинаждалган алтын өндүрүүчүлөрү менен бир катарга койгон аккредиттелген заводдордун учурдагы Good Delivery List тизмесине киргизилген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Компания сатуу биржа баасына жараша болорун, бирок "Кыргызалтын" башка сунуштарды карап чыгышы мүмкүн экенин түшүндүрдү. Алтын куймаларынын болжолдуу салмагы 12,5 килограммды, күмүштүкү 25 килограммды түзөт.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызалтын золото серебро

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу