16-апрелде “Кыргызалтындын” акционерлеринин жалпы жылдык чогулушу болуп өттү. Күн тартибинде 19 маселе каралды.
Мындан тышкары, жыйында Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын буйругу менен бекитилген Кыргызстандын Корпоративдик башкаруу кодексин колдонуу жана ишке ашыруу маселеси көтөрүлдү.
Бул пункт боюнча “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун Корпоративдик башкаруу кодексин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Мындан тышкары, компаниянын директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси талкууланды. Бирок ага акционерлер каршы добуш беришкен, ошондуктан директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну уланта беришет.
Эске салсак, 2023-жылдын жыйынтыгында “Кыргызалтын” 12 млрд 653 млн 714,1 миң сом таза киреше алган. Аны толугу менен дивиденддерди төлөө үчүн колдонуу чечими кабыл алынды. Ырас, ГАУГИ алдын ала төлөгөн дивиденддер боюнча карызды жабуу үчүн компаниянын 1,3 млрд сому калат, бирок калган 11,4 млрд сом мыйзамда белгиленген тартипте төлөнөт.