Эсеп палатасынын маалыматына ылайык, 2020-жылга республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелер 30 миллиард 906,1 миллион сомду түздү же план 106,1% болду.Ошол эле учурда, салыктык эмес кирешелердин айрым булактарына ылайык, жетишсиздик болгон.
Атап айтканда, мамлекет акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер боюнча азыраак алган. Түшкөн каражат 2 миллиард 176,5 миллион сомду түзүп, план 86,2%га аткарылды.