“Кыргызиндустрия” ААКтын филиалы “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы 12,5 млн сомдук продукцияны экспортко чыгарды. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Илья Черный билдирди.
Анын айтымында, компания 2024-жылдан тарта өз продукциясын ички рынокко да, экспортко да чыгарууну көздөп жатат.
“Бүгүнкү күндө казакстандык “Алма ТВ” телекомпаниясынын буйрутмасы боюнча 5 миң даанага 12,5 млн сомдук товарды жасап жөнөттүк. Келерки жылдын январь-февралында кардарларыбызга дагы 5 миң товарды жөнөтүүнү пландап жатабыз”, - деди ал.