Кыргызстандын фондулук биржасында "Кыргызиндустрия" ААКнын акцияларын жайгаштыруу боюнча ири бүтүм ишке ашырылды.
Келишим 4-мартта болгон. Натыйжада компаниянын 500 миң акциясы 1 миң сомдон номиналдык баада сатылган. Жалпысынан келишимдин алкагында "Кыргызиндустрия" 500 млн сом пайда тапты.
Кошумчалай кетсек, "Кыргызиндустрия" ААКсы Министрлер кабинетинин чечими менен анын уставдык капиталына мамлекеттин 100% катышуусу менен түзүлгөн. Коомдун уюштуруучусу жана жалгыз акционери болуп Министрлер кабинети саналат.