2021-жылга карата “Кыргызнефтегаз” ААКтын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 миллион 736,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, чыгашалар негизсиз чегерилгендиктен, акционерлердин дивиденддери 3 млн 618,8 миң сом өлчөмүндө кем бааланган.
Мындан тышкары, канализациялык линияны реконструкциялоодо келишимдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн подрядчыдан 117,8 миң сом айып пул өндүрүлүп, аудиттин жүрүшүндө калыбына келтирилген.
"Эсеп палатасынын Кеңеши дивиденддердин аз эсептелген суммасын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө жазма эскертүү берди", - деп айтылат маалыматта.