“Кыргызнефтегаз” өлкөнүн түштүгүндөгү эки мунай жана газ кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун алды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин маалымат базасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 2,1 миң гектар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Арык кени жана Ош облусунун Алай районундагы 3,3 миң гектар “Ачыкташ” кениндеги мунай жана газ кендери “Кыргызнефтегаз” ишканасына өткөрүлүп берилди.
Ошондой эле, Министрлер кабинети Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ушул буйрукта көрсөтүлгөн жер казынасынын объектилерине “Кыргызнефтегаз” ААКга лицензия берүүнү тапшырды.