«Кыргызнефтегаз» мунай өндүрүүнү 300 миң тоннага жеткирүүнү пландоодо

24.05.2022, 14:16 Акчабар
«Кыргызнефтегаз» мунай өндүрүүнү 300 миң тоннага жеткирүүнү пландоодо

"Кыргызнефтегаз" ААКнын жакынкы жылдардагы негизги милдети жаңы мунай жана газ кендерин ачуу болуп саналат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга чейин компания буга чейин иштетилип жаткан кендерден мунай өндүрүүнүн көлөмүн жылына 300 миң тоннага чейин көбөйтүүнү жана газ өндүрүүнү 30 миллион кубометр көлөмүндө сактоону көздөөдө.

Мындан тышкары, ишкана ЕАЭБ стандарттарына жооп берген продукцияларды чыгаруу максатында "Кыргыз Петролеум Компани" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоону пландоодо.

"Кыргызнефтегаз" ААКсы мунай жана газ тармагындагы геологиялык чалгындоодон тартып мунай жана газды издөөгө чейинки мунай продуктуларын өндүрүү жана сатууга чейинки толук өндүрүш циклине ээ болгон жалгыз ишкана.

Тэги: ОАО «Кыргызнефтегаз» нефть

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу