Эртең, 2-мартта Кыргызпатентке караштуу Инновациялык борбордо “40 район – 40 демилге” долбоорунун алкагында аймактарда иштелип чыккан инновациялык демилгелердин акыркы тандоосу өтөт. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, «40 район – 40 демилге» сынагынын жеңүүчүлөрүнө 1 млн сомго чейин берилет.
Белгилей кетсек, “40 район – 40 демилге” долбоору сынагын Кыргызпатент демилгелеп жатат. Бул сынак аймактардагы жаңычыл долбоорлорго дем берүү максатында уюштурулууда.