Кыргызстандын балы Өзбекстанга экспорттолот

11.11.2023, 11:00 Акчабар
Кыргызстандын балы Өзбекстанга экспорттолот

Экономика министрлигиндеги соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен Өзбекстандын балчылык тармагынын өкүлү Шухрат Ганиев жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Ташкент шаарына тоолук кыргыз балын жеткирүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Бул кадам аарычылык жана бал өндүрүү жаатында эки өлкөнүн соода алакаларын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. 

Эки тарап тең экономикалык кызматташтыкты гана эмес, эки өлкөнүн ортосундагы маданий алмашууну да чагылдырган бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишенимин билдиришти.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минэконом мед

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу