«Азиздер жана дүлөйлөр коомуна» коммуналдык кызматтарга 50% жеңилдик берилди

22.12.2022, 10:26 Акчабар
«Азиздер жана дүлөйлөр коомуна» коммуналдык кызматтарга 50% жеңилдик берилди

“Азиздер жана дүлөйлөр коомуна” колдоо көрсөтүү максатында мамлекет алардын мекемелерине коммуналдык тейлөөгө 50% жеңилдикти берди. Бул тууралуу “Toktom.kg” маалыматтык-укуктук порталында маалымдалды.

Белгиленгендей, 50% жеңилдик “Азиздер жана дүлөйлөр коомунун” ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына таза суу, канализация, коммуналдык кызмат жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө белгиленди. Бул жеңилдикти республикалык бюджеттин эсебинен камсыздоо чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигине өз каражаттарынын эсебинен коомго керектелген электр жана жылуулукка төлөөдө 50% жеңилдик берүү тапшырылды.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана өз алдынча башкаруу органдарына өз каражаттарынын эсебинен көрүүсү жана угуусу боюнча майыптар үчүн кошумча жеңилдиктерди өз алдынча белгилөө жана кайрымдуулук акцияларын өткөрүү сунушталды.

Тэги: эконгомика льготы новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу