Кыргызстан 15,7 миң тонна помидор импорттоду

18.08.2023, 09:36 Акчабар
Кыргызстан 15,7 миң тонна помидор импорттоду

Кыргызстан быйыл январь-июнь айларында 15 миң 708,1 тонна помидор импорттоду. Ал 8 млн 829,3 миң долларды түздү, - деп билдирет Улуттук статистикалык комитет. 

Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу көрсөткүч 3,7 миң тоннага азайган. Помидордун көбү Түркмөнстандан (6,2 млн долларга 10 миң 357 тонна) жана Өзбекстандан (2,3 млн долларга 5 миң 63,4 тонна) импорттолгон. Казакстан, Иран, Түркия, Кытайдан дагы помидор сатып алынган.

“Жарым жылда продукцияны экспорттоо да белгиленген. Анын 418,9 тоннасы 175,5 миң долларга сатылган. Экспорт Казакстанга (152,3 миң долларга 256,8 тонна) жана Орусияга (23,2 миң долларга 162,1 тонна) жасалган”, - деп айтылат маалыматта.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу