Кыргызстан 28 жыл ичинде 2,8 млрд $ грант жана 7,3 млрд $ насыя алган

28.10.2019, 15:08 Акчабар
Кыргызстан 28 жыл ичинде 2,8 млрд $ грант жана 7,3 млрд $ насыя алган

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган күндөн тарта 2,8 млрд долларга грант, 7,3 млрд долларга насыя алган. Бул тууралуу 28-октябрда экономика министри Санжар Муканбетов ЖК бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

Энергетика тармагына 2 млрд 147 млн доллар  насыя жана грант алынган. Мунун башкы себеби - тарифке келип такалууда деп билдирди министр. 

Бүгүнкү күндө электр тармагындагы күндүзгү жана кечки тарифке өтүү процесси каралууда. Мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө бар экенин кошумчалады. 

Депутат С.Нышанов билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөнүн 124 млрд сом карыз насыясы болсо, анын ичинен 104 млрд сомго жакыны энергетика тармагына жумшалган. Депутаттын сунушунда, электр энергия үчүн 2, 16 сом 77 тыйын төлөгөндүн бардыгы – КР жарандары болгондуктан,  келечекте пайда табуу үчүн – бирдей тарифке келүү керек. 

Тэги: Кыргызстан 28 жыл грант насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу