Кыргызстан Азербайжандан электр энергиясын импорттоону көздөөдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, Азербайжан газдан электр жарыгын өндүрүп, аны көптөгөн өлкөлөргө экспорттоп келет.
“Жакынкы убактарда Азербайжан электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга экспорттоону пландоодо. Биз да Кыргызстанга энергияны эскпорттоо маселесин талкууладык. Анткени, бул мамлекеттер менен биздин электр байланыштарыбыз бар. Мындан улам техникалык мүмкүнчүлүктөр электр жарыгын бизге да транзит менен жеткирүүгө мүмкүндүк берет”, - деди ал.