Кыргызстан — БАЭ биргелешкен холдингин түзүүнү тездетүү талкууланды

22.09.2023, 10:10 Акчабар
Кыргызстан — БАЭ биргелешкен холдингин түзүүнү тездетүү талкууланды

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдулла бин Заид Аль Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 31-октябрындагы БАЭге сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар Кыргызстан менен БАЭ холдингинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн тездетүүнү талкуулады. 

“Жээнбек Кулубаев БАЭнин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри шейх Аль Нахайянды Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды”, - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу