Кечээ кыргыз-корей бизнес-форумда компьютердик технология менен туризм тармагын өнүктүрүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу соода өнөр жай палатасынын вице-президенти Амангелди Давлеталиев билдирди.
Анын пикиринде интернет технологиялары үчүн жогорку булаларды чыгаруучу заводдун курулушу компьютердик технолигянын өнүгүшүнө түрткү болмокчу. Ал эми SPA-борбор менен гольф-клубдардын салынышы Кыргызстанда туризмди өнүктүрөт.
«Түштүк Корея бул тармакта кандай ийгиликтерге жетишкенин бүт дүйнө билет. Корея медицинасы алдынкы технологияларды колдонууда. Кыргызстан туризм тармагында кызыктуу болушу үчүн сезондук эмес, SPA-кызматтар ачылса, Кыргызстанга кызыгуу артат», — деп айтты Давлетов.
Кыргызстан кайра иштетүү тармагында дагы ийгиликке жетүүнү көздөйт.
«Кыргызстандын күчтүү тарабы органикалык азыктарды өндүргөнүндө. Бул мезгилдик мүнөзгө ээ. Андыктан, түшмүмдөн толук пайда табуу үчүн кайра итетүү зарыл», — деп айтты Давлетов.
Корея тарап Кыргызстандан нукра таза азык алууга даяр.
«Кыргызстандын Евразийя экономикалык биримдигине мүчө болушу чоң мүмкүнчулүк ачат. Анткени, кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар ЕАЭБ өлккөлөргө тоскоолдуксуз экспорттолот. Андан тышкары, кыргызстан Евро Биримдигинин ВСП+ макамына ээ. Бул Европага 6 миң ар түрлүү товарды бажы төлөмүсүз ташууга болоорун билдирет. Андыктан, Корей инвесторлорун тыгыз иштешүүгө чакырар элем», — деп билдирди пемьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Учурда Кыргызстанда 976 корей ишканасы катталып, анын 352 биргелешкен ишканалар.