Кыргызстан быйыл 48,6 млрд сом тышкы карызды төлөйт

16.05.2023, 15:27 Акчабар
Кыргызстан быйыл 48,6 млрд сом тышкы карызды төлөйт

Былтыр Кыргызстан 33,6 млрд. сом тышкы карызды төлөгөн. Быйыл 48,6 млрд. сом төлөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда билдирди. 

Маалыматка ылайык, алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд. сом, 2025-жылга 75,1 млрд. сом төлөө каралган. 

“Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык”, - деп билдирген президент. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу