Быйыл январь айынан июль айына чейин Кыргызстан чет өлкөгө 463,5 млн долларлык 7,4 тонна алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, бир айдын ичинде эле бул көрсөткүч 1,5 эсеге, же 2,6 тоннага өскөн. Ошол эле учурда 2022-жылы ушул эле мезгилде 609,6 миң долларга 64,4 килограмм гана алтын жеткирилген.
Алтындын экспортунун көлөмү боюнча учурдагы маалыматтар 2022-жылдын деңгээлинен 115 эсе жогору.
Баалуу металл экспортунун негизги көлөмү Швейцарияга кеткен. Ал жакка 374,9 млн долларга 5,9 тонна алтын жеткирилген. Биринчи жарым жылдыктын маалыматы боюнча экспорт 3,9 тоннаны түзгөн.
Кошумчалай кетсек, быйыл жети айда Кыргызстан Гонконгго 60 млн долларга 983,3 килограмм, Бириккен Араб Эмираттарына 28,5 млн долларга 450,6 килограмм баалуу металл жеткирген.