Кыргызстан быйыл тышкы карызды жабууга 400 млн доллар жумшайт

08.02.2024, 09:36 Акчабар
Кыргызстан быйыл тышкы карызды жабууга 400 млн доллар жумшайт

Кыргызстан 2024-жылы тышкы карызды төлөөгө 400 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарында билдирди. 

Анын айтымында, үч жыл ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджети 329,2 млрд сомго көбөйгөн. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы 13,5 млрд сомдун профицити түзүлдү.

“Бул ашыкча биздин тарыхыбыздагы эң чоң суммалардын бири. Келерки жылы 600 млрд сомдон ашык бюджетке жетишүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн мамлекет айына 58 млрд сом, күнүнө 1,9 млрд сом, саатына 80 млн сом киреше алышы керек. Биз тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусунда турабыз. Ири суммалар 2030-жылга чейин төлөнөт. 2023-жылы - 344 млн, 2024-жылы - 400 млн, 2025-жылы - 430 млн, 2026-жылы - 390 млн" - деди Акылбек Жапаров. 

 

Тэги: Мамлекеттик карыз Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу