Кыргызстан менен Черногория дипломатиялык, кызматтык паспорттордун ээлерине визалык талаптарды койбойт

03.03.2020, 11:30 Акчабар
Кыргызстан менен Черногория дипломатиялык, кызматтык паспорттордун ээлерине визалык талаптарды койбойт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР өкмөтү менен Черногория өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдугун берди. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Келишим шарттарына ылайык, дипломатиялык паспорту бар эки өлкөнүн жарандары бул өлкөлөрдүн аймактарда виза ачуусуз эле 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Белгилей кетсек, азыркы кезде отузга жакын өлкө менен ушундай эле шарттагы (виза ачуусуз жүрүү) келишимдер түзүлгөн.

Тэги: Кыргызстан Черногория дипломатия кызмат паспорт виза

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу