Кыргызстан Түркмөнстан менен 2022-жылга чейин электр энергиясын жеткирүү боюнча дагы бир келишимге кол койду. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиянын бешинчи отурумунда билдирди.
Жолугушуу видеоконференция форматында өттү.
"Түркмөнстан менен 2022-жылга чейин электр энергиясын жеткирүү боюнча дагы бир келишим түзүлдү. Бул боюнча учурда мамлекет башчыларынын жана министрликтердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди Доскул Бекмурзаев.
Ал кошумчалагандай, электр энергиясын жеткирүү боюнча макулдашуулар президенттин 2021-жылдын 27-28-июнунда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген.