Кыргызстан жыл сайын мүчөлүк үчүн жүздөгөн эл аралык уюмдарга 450 млн сомго жакын каражат төлөйт, анын ичинен 168.8 млн сому Евразия экономикалык бирликке кирүү үчүн төлөнөт. Бул тууралуу «Акчабарга» финансы министрлигинин тышкы байланыш бөлүмүнүн бөлүм башчысы Марат Өскөмбаеыв билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика 100 млн сом төлөдү, калган сумманы өлө казынага түшкөн каражатка жараша төгүп турат.