Кыргызстан эки жылда сырттан канча карыз алганы белгилүү болду

22.04.2022, 10:23 Акчабар
Кыргызстан эки жылда сырттан канча карыз алганы белгилүү болду

Кыргызстандын карызы 1 млрд долларга көбөйгөндүгү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 1 126,4 млн АКШ доллары (2020-жылы 773,3 млн доллар, 2021-жылы 353,1 млн доллар) суммасында финансылык макулдашууларга кол койгон.

Анын ичинен:

  • 358,8 млн доллар грант;
  • 767,6 млн доллар насыя.

Белгилей кетсек, каражат негизинен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга, бюджетти колдоого багытталган.

Кошумчалай кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыз 4 млрд 948 млн долларды түзөт. Анын ичинен 720 млн доллары ички карыз. Ал эми өлкөнүн бекитилген бюджетине караганда, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 млрд 528,2 млн сом жумшоо пландалууда. Тагыраагы, 26 млрд 681,5 млн сому тышкы карызды, 12 млрд 846,7 млн сом ички карызды төлөөгө сарпталат.

 

Тэги: грант жана кредит Сырткы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу