Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 7 миллиард 711,2 миллион сомго же 87 миллион 922,7 миң долларга 1,4 тонна алтын экспорттогон.
Бул 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу (33,7 килограмм гана экспорттолгон) табигый салмактагы көлөм дээрлик 42 эсеге көбөйгөнүн, ал эми алтындын экспортунун олуттуу өсүшүн көрсөтөт.
1,2 тоннаны түзгөн алтындын басымдуу бөлүгү Швейцарияга жөнөтүлгөн. Бир граммы 62,9 доллар болгон баалуу металл 78 миллион 223,9 миң доллар киреше алып келген.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Гонконгго 168 килограмм алтынды 1 граммы 57,8 доллардан 9,7 миллион долларга экспорттогон.
Белгилеп кетсек, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде Швейцарияга же Гонконгго алтын ташуулар болгон эмес, бирок Түркияга экспорт болгон.