Быйылкыжылдын 10 айында Кыргызстандын дыйкандары 30 миллиард 39 миллион сомдук айыл чарба продукциясын экспорттошкон. Бул тууралуу “Акчабарга” айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын экспортунун товардык түзүмүндө айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүктүн үлүшү 19,5%ды түздү. Жалпысынан бул мезгилде Кыргызстандан 155 миллиард сомдук товар экспорттолгон.
“Биздин продукциялар негизинен Орусия, Казакстан жана Өзбекстанга сатылат. Россия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди, ошондой эле сыр, май сыяктуу сүт азыктарын, Казакстан кайра иштетилген сүт, жаңы мөмө-жемиштерди, Өзбекстан акыркы жылдары мал сатып алууда”, - деди министр.
Министр кошумчалагандай, Казакстан, Россия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт өлкөлөрүнө 200 тоннадан ашык уй жана кой эти, Россия, Корея, Япония, АКШ, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Кытайга 208 тонна бал экспорттолгон, Өзбекстанга 220 миң даана жумуртка жөнөтүлдү.
Айыл чарба азыктарынын ичинен 34 миң тонна картошка, 28 миң тонна жүгөрү, 2,8 миң тонна жүзүм, 8 миң тоннадан ашык алма жана алмурут, 10 миң тонна пияз, 12 миң тонна сабиз жана кызылча, 9 миң тонна капуста Өзбекстанга, Казакстанга Россияга, Германияга, Монголияга жана Белоруссияга экспорттолгон.
Ошондой эле, анын айтымында, кайра иштетилген айыл чарба продукциялары: Түркияга 1,6 миң тонна жашылча консервасы, Россия, Казакстан, АКШ жана Түркияга 500 тонна кургатылган жашылча жана 800 тонна тоңдурулган жемиштер жеткирилген.
Мындан тышкары, Россия, Казакстан, Грузия, Ооганстан, Корея жана Түркмөнстанга 25 миң тоннага жакын сүт жана сүт азыктары экспорттолду.