Кыргызстан Европа мамлекеттерине 605 млн $ товар экспорттогон

22.11.2019, 11:24 Акчабар
Кыргызстан Европа мамлекеттерине 605 млн $ товар экспорттогон

Кыргызстан 28 европа мамлекеттери менен жүргүзгөн тышкы соода жүгүртүүсү 2019-жылдын 9 айында (январь-сентябрь) 812 млн 796 миң долларды түзөт. Бул КР тышкы соода жүгүртүүдөгү жалпы көлөмдүн 26.66% түзөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирет. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Европа мамлекеттери менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүндө экспорттун көлөмү 605 млн 8 миң 498 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч европалык импорттон (207 млн 788 миң 184 доллар) эки эсе көп болгон. 

Кыргызстан Улуу Британияга 18.94% (6563 млн 679 миң 838 доллар), Литвага - 16 млн 237 миң 410 доллар, Белгияга - 6 млн 73 миң 121 долларга товар экспорттогон. 

Европа мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанга Германиядан - 45 млн 520 миң 154 долларга, Франциядан - 22 млн 761 миң 488 долларга, Италиядан - 18 млн 359 миң 448 долларга, Литвадан - 15 млн 344 миң 220 долларга жана Польшадан 14 млн 631 миң 158 долларга импорт келген. 

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 9 айы менен салыштырып караганда, Кыргызстандын Европа мамлекеттери менен жүргүзгөн соода алакасынын көлөмү 138 млн 509 миң 636 долларга өскөн. Өсүүнүн себеби, экспорттун көбөйүшү (153 млн 338 миң 198 доллар) жана импорттун азайуусу (14 млн 828 миң 562 доллар) менен  байланыштуу. 

 

 

Тэги: Кыргызстан Европа экспорт внешняя торговля экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу