Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги талкууланды

01.06.2023, 10:54 Акчабар
Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги германиялык тарап менен биргеликте эл аралык талаптарга ылайык, кесиптик чеберчиликти сертификациялоо системасын иштеп чыгууну көздөп жатат. Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев “Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги: трансформациядан жаңы доорго” аттуу конференцияда айтты. 

Министрдин айтымында, алдыңкы жылдарда дүйнөлүк эмгек рыногу санариптештирүү тармагында жогорку талаптарга жооп берген адистерге муктаж болот. Санариптештирүү жана жашыл экономика Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн ажырагыс компоненттери болуп саналат. 

“Кыргызстан да өз жарандарын чет өлкөлөрдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын өнүктүрүүдө. Германиянын Федералдык Эмгек министрлиги менен кол коюлган кызматташуу меморандумунун негизинде кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу боюнча иштер улантылат”, - деди министр.

Ошондой эле, ал Евробиримдиктин ачык эмгек рынокту түзүү тажрыйбасын белгилеп, аялдардын экономикалык чөйрөгө активдүү катышуусун колдоого көңүл буруу керектигин кошумчалады. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу