Кыргызстан 2023-жылдын январынан октябрына чейин Германиядан 1044 тонна мунай продуктуларын импорттоду, бул 2022-жылдын ушул мезгилине (978 тонна) салыштырмалуу 6,8 пайызга көп. Бул тууралуу “Trend” маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, он айдын ичинде бул импорттун жалпы көлөмү 2022-жылдын октябрына салыштырмалуу 22%га (3,285 млн доллар) өсүү менен 4 млн 150 миң долларды түздү.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан мунай продуктуларын импорттогон өлкөлөрдүн ичинен Германия алтынчы орунда турат.