Кыргызстан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну каалайт

30.01.2023, 11:09 Акчабар
Кыргызстан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну каалайт

Айыл чарба министрлиги пиязды ЕАЭБдин аймагынан тышкары экспорттоого чектөө киргизген токтом долбоорун коомдук талкууга койду. 

Документтин түшүндүрмөсүндө бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу максатында иштелип чыкканы көрсөтүлгөн.

Бул токтом долбоорунун максаты - Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге ак пиязды, шалот пиязын, сарымсакты жана башка пияздуу жашылчаларды Кыргызстандын бажы аймагынан тышкары алып чыгуусуна убактылуу чектөө киргизүү.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда пияздын баасы бир топ жогорулагандыгына байланыштуу Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 600 “Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди (документте буудайдын жана күн караманын үрөнүн экспорттоого бир айлык чектөө - ред.). Бул өнүм социалдык мааниге ээ жана бул чийки заттын жетишсиздиги өлкөдө азык-түлүк кризисине алып келиши мүмкүн”, - деп айтылат документте. 

Кошумчалай кетсек, пиязды экспорттоого убактылуу чектөөлөр Казакстан менен Өзбекстанда да киргизилген.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика запрет на экспорт ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу