Кыргызстан менен Франция бизнес-форумга даярдыктарды баштады

17.02.2023, 14:15 Акчабар
Кыргызстан менен Франция бизнес-форумга даярдыктарды баштады

Быйылкы жылдын 16-февралында Парижде Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, Улуттук инвестициялык агенттиктин өкүлү Толкунай Таалайбекова жана Medef International (Франция ишкерлер биримдиги) жетекчисинин орун басары Жеральдин Лембленин жолугушуусу өттү.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тар чөйрөдө кызматташуу потенциалы жана быйылкы жылы бизнес-форум өткөрүү боюнча алдыдагы пландар кыскача талкууланды.

"Өз кезегинде Жеральдин Лембле француз ишкерлеринин Борбордук Азия аймагында бизнес жүргүзүүгө кызыгуусу тууралуу маалымат берип, Франциянын негизги секторлорун белгиледи, алардын алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болот", - деп белгилейт Улуттук инвестициялык агенттик.

Ошондой эле агроөнөр жай комплекси, энергетика, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана IT өңдүү тармактардагы алдыңкы француз компаниялары менен кеңейтилген бизнес-жолугушуу болду.

Жолугушууда Толкунай Таалайбекова Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, андан соң суроо-жооп өттү.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бизнес-форумду өткөрүүгө биргелешип даярдык көрүү боюнча макулдашууга жетишти, анын негизги уюштуруучулары "Медеф" жана Улуттук инвестициялык агенттик болот", - деп жыйынтыктады агенттик.

Тэги: новости Кыргызстана Medef International

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу