Кыргызстандын Кувейт мамлекетиндеги элчиси Азамат Карагулов аталган өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин Азия департаментинин директору, элчи Валид Али Аль-Хобайзи менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар өтүп жаткан жылдагы эки тараптуу кызматташтыктын жыйынтыктарын талкуулап жана тараптардын жакынкы келечектеги пландарын белгилешти.
Карагулов тараптардын саясий диалогу жогорку деңгээлге жеткенин белгилеп жана элчиликтин 2022-жылга болгон тапшырмалары менен тааныштырды.
Өз кезегинде Аль-Хобайзи Кувейт тараптын Кыргызстан менен саясий өз ара кызматташууну улантууга канааттангандыгын жана кызыкдар экендигин билдирди. Ал жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, ведомстволор аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү, экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-кувейт комиссиясынын жыйынынын мөөнөтүн аныктоо аракеттерди колдоду.
Тараптар үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүгө жана келечекте белгиленген пландарды ишке ашырууга, анын ичинде ведомстволор аралык байланыштарды күчөтүүгө, соода-өнөр жай палаталары аркылуу иш сапарларды уюштурууга, эки өлкөнүн жеке секторлорунун ортосундагы өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыктарын билдиришти.