Ушул жылдын 6-8-мартында Кувейт шаарында Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын үчүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу Улуттук инвестициялык агенттик билдирди.
Өткөн комиссиянын негизги жетишкендиктеринин бири биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселесин талкуулоо болду.
"Жакын арада Кыргызстан кыргыз-кувейт инвестициялык фондун түзүү боюнча конкреттүү сунуштарды жөнөтөт", - деп белгиледи агенттик.
Мындан тышкары, Кыргыз делегациясынын Эль-Кувейтте болгон учурунда Кувейттин инвестициялык агенттигинин башкы менеджери Ганем Аль-Генайман менен жолугушуу болуп, алар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти.
"2023-жылдын экинчи жарымында Кыргызстан — Кувейт бизнес форумун өткөрүү пландаштырылууда, анын алкагында бир катар инвестициялык долбоорлор кувейттик инвесторлорго сунушталат. Ошондой эле Улуттук агенттик менен Кувейттин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлат", - деп билдирди агенттик.