Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен ишкерлер кеңешин түзүү маселесин талкуулашты

12.01.2022, 14:17 Акчабар
Кыргызстан менен БАЭ биргелешкен ишкерлер кеңешин түзүү маселесин талкуулашты


10-январда Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы жана Абу-Даби Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи менен жолугушту.

Жолугушууга КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Эльмира Батаева катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстран менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

“Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр федерациясынын ортосунда Кыргыз-Эмират ишкерлер кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу боюнча маселелер каралды”,- деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматтында.

Кошумчалай кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөлөрүнүн катышуусундагы өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Тэги: Кыргызстан ОАЭ деловой совет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу