Кыргызстан менен БАЭ холдингдик компания түзүштү

01.11.2022, 09:47 Акчабар
Кыргызстан менен БАЭ холдингдик компания түзүштү

Кыргызстан менен БАЭ 100 миллион доллар уставдык капиталы жана инвестициялык капиталын 1 миллиард 200 миллион долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар биргелешкен холдинг түзүштү. Эки тараптуу макулдашууга Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлганы мамлекет башчынын расмий сайтында жазылды.

Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышкары, эмират тарап бизнес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кылат. Компания жетекчилиги Эмираттардын мыкты ишкерлик тажрыйбаларын колдонуу аркылуу корпоративдик башкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоорлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жогорку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат.

Каражат транспорттук-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы форматтагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзүүгө, ошондой эле башка өнүктүрүү долбоорлоруна жумшалары күтүлүүдө.

Тэги: экономика ОАЭ Садыр Жапаров новости Кыргызстана создание компании

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу