кыргызстан менен Туркия авиакаттамдарды талкууга алышты

18.04.2019, 14:02 Акчабар
кыргызстан менен Туркия авиакаттамдарды талкууга алышты

кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Түрк Кеңешинин IV жыйынында авиа каттамдар талкууга алынды. Анда Ош — Стамбул  катамын ачуу тууралуу  соз болгонун КР Транспорт министрлиги билдирди. 

«Бүгүн Кыргызстанда ава мейкиндигинде бешинчи эркиндик режими бир тараптуу жарыяланды. Бул деген транзиттик авиа каттамдарды республика аркылуу эркин жүргүзүү болот дегенди билдирет. Ошондуктан, чет элдик авиакомпанияларга бул багытта кызматташууга шарттар түзүлүүдө.  Айтмакчы,  эл аралык «Иссык-Куль» аэропорту турк тилдүү мамлекеттер арасында туризмди өнүктүрүүгө жакшы жагдай» деп билдирди транспорт   жана жол министри   Жанат Бейшенов.

Учурда Кыргыз тарап Азербайджан ортосунда дагы авиакатамдар байланышы боюнча келишимдерди түзүүгө даяр. Бул Бакудагы мамлекет башчыларынын жолугушуусу маалында чечилет. 

«Биз авиарейстердин өнүүгүшүнө абдан кызыкдарбыз» деп билдирди Жанат Бейшенов. 

Транспорт башчысы мындан тышкары Туркия менен авиакатамдардан тышкары унаа байланыштары күчөгөнүн билдирди. 

« Бишкек — Стамбул авиарейси туруктуу катамы жылдан жылга жүргүнчүлөрдүн саны өсүүдө. Бул багытта жаңы рейстерди ачуу зарылдыгы бар. Стамбулда ачылган жаңы аэропорт дагы буга буга жакшы шарт түзүшү мүмкүн. Туркия тарапты түштук борбордо авиа катамды ачууну өтунүп жатабыз. Анткени, Ош турк тилдүү  мамлекеттердин маданий борбору деп аталганын» кошумчалады. 

Тэги: авиакомпании Турция авиаперевозки Кыргызстан Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу