Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу долбоор сунушталды

28.01.2022, 10:46 Акчабар
Экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу долбоор сунушталды

«Кыргызстан бир эле учурда эки — экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана республиканын транспорттук-транзиттик байланышын жогорулатуу маселесин чечүүгө жардам бере турган долбоорлорду ишке ашырууга сунуштоого даяр», — деп билдирди президент Садыр Жапаров кечээ, 27-январда, онлайн форматтагы «Индия — Борбордук Азия» биринчи саммитинде.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономика эң жакшы абалда эмес экенин жана улуттук экономикалар дагы эле төмөндөөдөн чыга албай, пандемияга чейинки деңгээлге жете алышпай жатканын белгиледи. Экономиканы калыбына келтирүүчү факторлордун бири Борбордук Азия менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестициялык активдүүлүк болушу мүмкүн.

Аны менен бирге, президент Индия менен заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптештирүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, мамлекеттик жана жеке сектордо биргелешкен максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу