Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштайт

20.05.2024, 17:31 Акчабар
Кыргызстан Иранга койдун этин экспорттой баштайт

Кыргызстан Иранга муздатылган койдун этин экспорттойт. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, дээрлик 10 тонна койдун биринчи партиясын “Торо” ЖЧКсы касапканасы Иранга жөнөткөн. 

“Кыргызстандан Иранга муздатылган койдун этин экспорттоо эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Иранда сапаттуу этке болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен, мындай демилге Кыргызстандагы эт өндүрүүчүлөр үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин экономикасы үчүн да пайдалуу болушу мүмкүн”, - деп белгиледи министрлик. 

Жөнөтүлгөн продукцияга карата ветеринардык, санитардык, контролдоо-көзөмөлдөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сапат жана коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча лабораториялык көзөмөл жүргүзүлдү. 

Ишкана жумасына 12 тоннадан 24 тоннага чейин , жалпысынан 1 миң тоннага чейин кой этин жеткирүүнү көздөөдө. 

Бүгүнкү күндө Кыргызстан Орусияга, Иранга, БАЭге жана Кувейтке эт экспорттойт. 

 

Тэги: кой эти импорт-экспорт Иран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу