Кыргызстан иштетилбеген терини 56 млн сомго импорттоду

17.05.2024, 16:04 Акчабар
Кыргызстан иштетилбеген терини 56 млн сомго импорттоду

2024-жылдын январь-март айында Кыргызстан иштетилбеген терилерди жалпы 56,1 млн сомго импорттогон. Ал эми ушул эле товар өлкөдөн 34,7 млн сомго экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан иштетилбеген терини эң көп Кытайга - 25,3 млн сомго экспорттогон. Кытайдан 772,4 миң сомго импорттолгон. Кытайдан кийин эле иштетилбеген тери Пакистанга - 4,6 млн сомго сатылган, 12,2 миң сомго импорт жасалган. Үчүнчү орунда Түркия турат, бул өлкөгө дээрлик 3 млн сомго товар сатылган.

Бирок, Түркия дагы Кыргызстанга бул аралыкта 9 млн сомдон ашык каражатка мал терисин экспорттогон.

Белгилеп кетсек, үч айда Кыргызстан Монголияга 1 млн 595 миң сомго иштетилбеген терини экспорттогон. Кыргызстан ар кайсы өлкөлөрдөн иштетилбеген терини алып келген. Алар Орусия - 1,9 млн сом, Гана - 25,7 млн сом, Беларусия - 14,7 млн сом, Италия 3 млн сом жана Казакстан 471,9 миң сомго импорт жасалган.

Тэги: иштетилбеген тери экспорт импорт мал тери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу