Кыргызстан менен Италия банк жана салык боюнча кызматташат

06.03.2024, 15:05 Акчабар
Кыргызстан менен Италия банк жана салык боюнча кызматташат

Кыргызстан Италия менен банк жана салык боюнча кызматташмакчы. Бул тууралуу Италиядагы элчи Таалай Базарбаевдин Италиянын экономика жана каржы министринин дипломатиялык кеңешчиси Стефано Белтраме менен жолугушуусунда айтылды.

Элчи банктык-финансы тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Кыргызстан менен Италиянын банктарынын ортосунда түз өз ара аракеттенүүнү орнотууну талкуулады.

Ошону менен бирге, италиялык тарапты салык тармагындагы кызматташууну активдештирүү зарылдыгына көңүл бурулду.

С. Белтраме кыргыз тарап менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдирип, эки тараптуу кызыкчылык туудурган кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Тэги: банк сектору Италия салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу