Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн ири насыяларды алган? Тизме

02.10.2023, 14:35 Акчабар
Кыргызстан кайсы өлкөлөрдөн ири насыяларды алган? Тизме

Кыргызстан экономикалык өнүгүү жана стратегиялык долбоорлор үчүн эл аралык каржылоого муктаж. Мындан улам өлкө насыя каражаттарын ар кандай булактардан, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден алат.  Кыргызстандын насыя алуу шарттары да ар түрдүү. Алардын арасында ыңгайлуу насыя шарттарын сунуштагандары да бар. 

2023-жылдын июль айынын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 527,4 млн долларды, же 396 млрд 772,9 млн сомду түздү. Бул өлкөнүн ИДПсынын 42,8%ын түзөт.

Өкмөттүн тышкы карызы 270тен ашык насыядан турат. Алардын басымдуу бөлүгү 99% жеңилдетилген шартта 0,1%-2% пайыздык үстөк менен берилет жана төлөө мөөнөтү 40 жылга чейин берилген. Бардык тышкы кредиттер, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан жана Даниядан алынган кредиттерден тышкары белгиленген пайыздык чен менен берилет.

Кыргызстандын эң ири кредиторлору Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы жана Эл аралык валюта фонду болуп саналат. Булар мамлекеттик тышкы карыздын жалпы портфелинин 80%га жакынын түзөт. Андан кийин Кыргызстанга 4%дык үстөк менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жапония насыя берет. 

Жалпысынан Кыргызстан алган насыялардын көбү жеңилдетилгендигине карабастан, алар берген шарттар ар түрдүү. “Акчабар” кайсы кредитор Кыргызстанга эң ыңгайлуу шартта насыя берерине саресеп салды. 

Кыргызстан алган тышкы насыяларды талдообуз Түркия Кыргызстанга насыяны минималдуу пайыз менен берерин көрсөттү. Түркия берген насыянын үстөгү 0,1%ды гана түзөт. Антсе да мындай пайдалуу насыя тышкы карыздын 1,6%ын гана ээлейт. Тагыраагы Кыргызстандын Түркияга 70,6 млн доллар насыя карызы бар. 

Мындай пайыздык шартта Кыргызстанга Түркиядан башка Жапония гана насыя берет. Бирок анын үстөк пайызы Түркияныкы сыяктуу 0,1%дан башталса да, 1,8%га чейин жетет. Бул насыянын өлчөмүнө көз каранды. 

Түркия Кыргызстанга 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен эң көп 20 жылга чейин насыя берет. Жеңилдетилген мезгил – бул өлкө насыя боюнча пайыздарды гана төлөй ала турган убакыт, андан кийин негизги карызды төлөө мөөнөтү келет. 

Белгилеп кетсек, Кыргызстандын бир катар кредиторлорунун насыя берүү шарттары бирдей. Алардын арасында Абу-Даби өнүктүрүү фонду жана Евразия өнүктүрүү банкы бар. Бирок, Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген мөөнөтү 5 жыл, ал эми Евразия өнүктүрүү банкыныкы 8 жыл. Ошол эле учурда жогоруда аталган эки каржы институтунун насыялары Түркияга караганда үстөк пайызы жогору. Алар тиешелүүлүгүнө жараша 2,5% жана 1%ды түзөт. 

Эгерде насыя берүү шарттары жөнүндө айта турган болсок, эң кыска кредиттер ЭВФ тарабынан беш жылдан он жылга чейин, ЕИБ 12-29 жылга, ЕРӨБ 15 жылга жана ОПЕК 17 жылга берилет. Бул эл аралык уюмдардын кредиттери боюнча пайыздар 0,5%дан 2,25%га чейин өзгөрөт. ЕРӨБ өзгөрүлмө ченге ээ: EURIBOR+1%, LIBOR+1%. EURIBOR – европалык банктар аралык сунуш курсу, ал эми LIBOR – Лондондогу банктар аралык сунуш курсу. Алар өзгөрүшү мүмкүн, ошого жараша аларга байланышкан кредиттер боюнча пайыздар ар кандай убакыт аралыгында көбөйүшү жана азайышы мүмкүн. Жалпы портфелдеги мындай кредиттердин көлөмү 601,9 млн долларды же 13,3%ды түзөт.

Кыргызстанга эң узак кредиттерди Дүйнөлүк банктын тобуна кирген MAP берет. MAP 38 жылдан 50 жылга чейин насыя берет. Бул эң узак мөөнөт. Франция, Жапония, Немис өнүктүрүү банкы KfW, Корея жана АӨБ 40 жылдык насыяларды беришет. Мындагы насыянын пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейин. Өлкөнүн Франция жана KfW алдындагы милдеттенмелери эң жогорку пайызды түзөт. Кыргызстанда учурда мындай кредиттердин 36%дан ашыгы 1 млрд 631,89 млн долларга туура келет.

Бирок Кыргызстанга эң кымбат насыяны Германиянын "Гермес Кредитферзихерунгс-Акциенгезельшафт" финансылык институту берет. Ал берген насыянын суммасы 4,16 млн долларды түзсө, пайыздык чени 5%га жетет. Бул Кыргызстандагы тышкы насыялар боюнча эң жогорку пайыздык чен болуп саналат. Насыянын мөөнөтү 23 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 7 жыл.

Белгиленгендей, Кытай өлкөнүн эң ири кредитору. Бул республиканын жалпы тышкы карызынын 38,3%ын же 1 млрд 734,1 млн долларды түзөт. Кытай Кыргызстанга 20 жылдан 25 жылга чейин 5- 11 жылга чейинки жеңилдетилген мөөнөт менен 1,5% -2% үстөктө насыя берет. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу