Кыргызстандын карызы бир айда 27 млн $ өскөн

11.12.2019, 17:00 Акчабар
Кыргызстандын карызы бир айда 27 млн $ өскөн

2019-жылдын сентябрь айындагы жыйынтык менен мамлекеттик карыз (ички жана тышкы) 316 млрд 279,22 млн сомду (4 млрд 530,78 млн долларды) түзгөн же 2019-жылдын ИДПсынын 52,7 пайызын түзгөн.

Каржы министрлгинин басма сөз кызматы билдиргендей, мам.карыздын тутумуна:
 

  • мамлекеттик тышкы карыз 264 млрд 818,24 млн сом (3 млрд 793,59 млн доллар) же  2019 - жылдын ИДПсына  44,1 пайызды түзөт;
  • мамлекеттик ички карыз 51 млрд 460,98 млн сом (737,19 млн доллар) же 2019-жылдын  ИДПсына  8.6 пайызды түзөт;

Мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 411,82 млн сом (34,55 млн доллар), анын ичинен 1 млрд 296,93 млн сом (18,58 млн доллар) мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө, 1 млрд 114,89 млн сом (15,97 млн доллар)  - мамлекеттин ички карызын төлөөгө жумшалган.

 

Тэги: Кыргызстан карыз ички карыз мамлекеттин тышкы карызы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу