Кыргызстан Казакстандан инвестиция тартууга кызыкдар

05.11.2021, 14:50 Акчабар
Кыргызстан Казакстандан инвестиция тартууга кызыкдар

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги жана Борбор Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Анда Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард АКШ долларына жеткирүү милдетин коюшкандыгын баса белгиледи. 

Маалым болгондой, ушул жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу түрдө өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденциясы, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке ашырыла элек. 

"Кыргызстан Казакстандан инвестиция тартууга кызыкдар", – деди Акылбек Жапаров. 

Аскар Мамин өз кезегинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун алкагында Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды. 

Ошондой эле, Казакстандын премьер-министри Министрлер кабинетинин башчысын Астанада ноябрь айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.

Тэги: Жапаров мамин инвестиция соода форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу