Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгына кабылышы мүмкүн

03.10.2023, 18:20 Акчабар
Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгына кабылышы мүмкүн

Кыргызстан 20 күндөн кийин күйүүчү-майлоочу майдын жетишсиздигине кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясы билдирди.

Маалым болгондой, 1-сентябрдан тарта “Казакстан темир жолу” компаниясы расмий билдирүүсүз эле транзиттик күйүүчү май ташуу пландарын координациялоону токтоткон.

Мындан улам, кыргыз компаниялары “Кыргыз темир жолу” менен биргеликте бул маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылууда.

Казакстан аркылуу өтүүчү транзит маселеси биздин өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгына алып келиши мүмкүн. Ассоциация бул маселе эки өлкөнүн өкмөттөр аралык деңгээлинде чечилиши керек деп эсептейт.

Тэги: күйүүчү-майлоочу май нефтетрейдерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу