Кыргызстан коронавируска байланыштуу Иран менен авиакаттамдарын убактылуу токтотту

13.03.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстан коронавируска байланыштуу Иран менен авиакаттамдарын убактылуу токтотту

Кыргызстан Иран менен авиакаттамдарын коронавируска байланыштуу убактылуу токтотту. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Транспорт министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, бирок, ошого карабастан жарандар башка авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө. «Аэрофлот, түрк аба каттамдары сыяктуу чоң компаниялар каттамдарын толугу менен токтоткон жок, алар чектөө гана киргизди. Биздин жарандар азыркы убакта ошол авиакомпаниялар аркылуу келишүүдө»,- деп билдирди Акышев.

Тэги: Кыргызстан коронавирус Иран авиакаттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу